«Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 300гө жакын жүк ташуучу жана 25ке жакын жеңил унаалар чек арадан өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
«Чалдыбар-автожол» постунда 70тен ашык жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул посттордо жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышы казак тараптын унааларды акырындык менен өткөрүүсүнө байланыштуу экени айтылды. Ошол эле учурда маал-маалы менен бир тараптуу өтүүнү убактылуу токтотулуп турат.
Ал эми башка өткөрүү пункттарында унаалардын кезеги жок.