«Ак-Тилек — автожол» жана Казакстандын автожол өткөрүү жайларына жаңы көпүрө курулат

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынында Кыргызстандын «Ак-Тилек — автожол» жана Казакстандын «Карасу-автожол» өткөрүү пункттары ортосундагы жаңы көпүрөнү куруу жана эски көпүрөнү реконструкциялоо долбоору макулдашылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тараптар өз ара товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу, эки тараптуу соода, транзит жана логистика жаатындагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн жаңы көпүрөнү куруу керектигин белгилешти. Аны менен катар алар эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын орун басарлары жетектеген аталган көпүрө боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Ошондой эле кыргыз-казак чек арасында өнөр жай кооперациясын, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү, индустриалдык жана соода зоналары каралган соода-логистикалык борборлорду түзүү зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.