«Акча чогултууга тыюу салынат». Акыркы коңгуроо 25-майда өтөт

Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин республиканын жалпы билим берүү уюмдарында 2022-2023-окуу жылын уюшкандыкта жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүү убагында бүтүрүүчүлөрдүн өмүрүнүн коопсуздугун сактоо максатында буйругу чыкты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Буйрукка ылайык, Акыркы коңгуроо салтанаты 25-майда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында өтөт. Республиканын менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө мыйзамсыз түрдө акча жана башка чогултууларды жыйноого, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелеринин катышуусунда Акыркы коңгуроо салтанатынан сырткары иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.

Акыркы коңгуроо салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдөгү коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт. Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

— райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;
— билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Эскертүү! Буйрукту аткарбаган билим берүү уюмдарынын жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөт.