«Акчалуу, ийгиликтүү кыздар «алсыз» эркектерге сойку көрүнөт». Модель Бегимай Карыбекова депутаттын демилгесине каршы

Модель, «Аалам сулуусу-2018» сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова депутат Шайлообек Атазовдун жаш кыздарды өлкөдөн жалгыз чыгарбоо керек деген демилгесине каршы пикирин соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Депутаттын аялдарга чет өлкөгө учууга тыюу салуу сунушу менен кошо мен сыйлаган байкелердин кыздарга карата жазылган посттору абдан ойлондурду! Алардын билдирүүлөрүндө кыздардын сойкулук менен алектенип жатканын же чет элдиктер менен сүйлөшүп, турмушка чыгып кеткенин жактырышпайт. Акчасы бар, ийгиликтүү кыздар, акчасы жок, өнүкпөгөн (ред. алсыз) эркектерге дайыма сойкудай көрүнөт!

Кыздардын ак эмгек менен тапкан адал акчасына көз салып, аброюна шек келтирген постторду жазбастан, биздин акылдуу депутаттар жана башкалар, күндөн-күнгө күчөп жаткан педофилдер, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен алышсаңыздар жакшы болмок. Тилекке каршы, бизде алсыз эркектердин күчү аялдарга эле жетет эмеспи…

Кыз-келиндер, мигранттар Кыргызстандан жыргаганынан кеткен жок. Чет мамлекетке ата-эне, балдарын багуу үчүн, мыкты билим алуу үчүн, жөн гана мүмкүнчүлүк алып жашоосун жакшы жакка өзгөртүү үчүн келишет.

Кыздар — сенин менчигиң эмес, сенин кулуң эмес! Кыздар, укугуңарды билгиле! Сиздердин жашооңузда кандай катачылык кетиргениңизге карабастан, эч кимдин, тууган-туушкандын, кошуна-колоңдун сенин жашооңду, кылыктарыңды айыптоого, кантип жашоону үйрөтүүгө акысы жок! Айрыкча, бизге учууга тыюу салууга биз жол бербейбиз!

Ушундай эркек сөрөйлөргө кор болбой, ар кандай жалаа жапкан сөздөрдү угуп, мойнубузга дөңгөлөк кийип кор болгончо, чет мамлекетте чыгып иштеп, билим алып, жашооңорду өзгөртүп, бактылуу жашагыла демекчимин. Ал эми бейкүнөө кыздарыбызды бузуп жаткандар — силерсиңер, урматтуу кыргызстандыктар! Биздин кыздар кор болуш үчүн, чет мамлекетке чыгуунун кажети жок!» — деп жазган модель.