Акжол Махмудов 500 миң сом менен сыйланды

Бүгүн, 13-октябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан, Дүйнөнүн эки, Азиянын үч жолку чемпиону Акжол Махмудовду кабыл алып, Сербиянын Белград шаарында өткөн мелдештеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.

Мэр Акжол Махмудовдун жараткан ийгиликтерин баса белгилеп, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ага 500 миң сом, машыктыруучусу Майрамбек Ахмедовго 100 миң сом акчалай сыйлык тапшырды.

Кыргыз балбаны Сербиянын Белград шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалда азербайжандык Санан Сулейманов менен беттешип, жеңишке жеткен. Бул балбандын Дүйнө чемпиондугунда уткан экинчи алтын медалы болду.