Акжол Махмудов, Арген Sigma, Омар… Атактуулар менен дагы бир атактуунун сүрөтүн Мыкы сынга алды

Кечээ, 27-август күнү Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жаңы курулган баш кеңсесинин ачылыш аземи болуп өткөн. Ал жерге коррупция боюнча соттолгон Райымбек Матраимов да барган. 

Бүгүн, 28-августта социалдык тармактарда ачылышка атактуулар да барганы, алардын Матраимов менен түшкөн сүрөтү жарыяланды. Сүрөттөн спортчу Акжол Махмудов, ырчы Омар, ТикТокчу Аргенбайды, актёр, шоумен Нурсултан Курсанали уулун, модель Аскат Осмоновду, фотограф Эржан Кадырбековду, шоумен, актер Эмил Токтошевди, блогер Байэль Байгазиевди көрүүгө болот.

Жогорудагы көрүнүштү коомчулукка Мыкы аты менен таанымал шоумен Мыктыбек Мукаев соцтармактагы баракчасы аркылуу сындап өттү. «2020-жылы октябрда «Райым миллион камалсын» дегендердин кээ бирлери бүгүн «ыракмат, Райым Матраимов» деп жүрүшөт. Уят эле жигиттер», — деп жазды ал.