«Акжол Махмудов үйлөнөбү?» Спортчунун машыктыруучуга манжасын көрсөткөнү талкууга жем таштады

77kg GR - Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Акжол Махмудов Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетти. 11-сентябрда грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 килограммга чейинки салмак ченинде дүйнө чемпиону болду.

Соцтармактын колдонуучулары беттеш аяктаган соң дароо Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго чуркап келип, оң колундагы аты жок манжасын көрсөткөнүн байкашкан. «Үйлөнөт окшойт. Сыягы, алар дүйнөлүк чемпиондукту алгандан кийин, машыктыруучу ага үйлөнүүгө уруксат бере турган келишимге барышкан го» деген ойлор жазылууда.