Аксыда 7 адам күйдүргүгө кабылган деген шек менен ооруканага түштү

иллюстрация

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда күйдүргү оорусуна шектелген 7 адам ооруканага жаткырылды. Бул маалыматты журналисттерге райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу оорулардын алдын алуу борборунун башчысы Жолдошбек Абсаматов тастыктады.

Анын айтымында, 2-сентябрдан тарта Кара-Суу айыл аймагынын конуштарынын биринин тургундары медициналык жардам алууга кайрыла башташкан. Мал союлгандан кийин айылдын эли ичегилерин тазалашкан. Айылдыктар тестирлөөдөн өтүштү. Жашоочулар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Мындан тышкары, оорудан айылда 7 баш бодо мал да өлгөнү айтылды. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Курсантбек Райышбеков өлгөн мал бардык санитардык талаптарды сактоо менен көмүлгөнүн айтат. Ошол эле учурда ветеринарлар андан ары лабораториялык текшерүү үчүн үлгүлөрдү алышты. Малдын өлүмүнүн себептери азырынча белгисиз.