Аксыда балык өстүргөн жерде тосмо жарылып, балыктар жер жайнады (видео)

Аксы районунун Кум айылындагы балык чарбасында тосмо жарылып, балыктар агып кеткен. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып, видео менен бөлүшүштү.

Маалыматка караганда, 12-март күнү түштөн кийин балык өстүрүүчү көлмөлөрдүн биринде тосмо жарылып кеткен. Натыйжада балыктардын баары Нарын дарыясынын ылдый жагына агып кеткен.

Суунун деңгээли бир аз төмөндөгөндөн кийин ишкананын ээси жергиликтүү тургундардан жардам сураган. Жергиликтүү тургундар тирүү балыктарды чарбанын ээсине кайтарып беришкен, бирок өлгөн балыктарды өздөрүнө алып кетишкен. Ишканага кандай зыян келтирилгени азырынча белгисиз.