Аксыда жер көчкү коркунучунан улам 10 үй-бүлө көчүрүлүп жатат

Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн Жүзүмжан айылында эски көчкү активдешип баштагандыгына байланыштуу, кооптуу аймакта жашаган 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү үчүн райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы тартылып, көчүрүү комиссиясы тарабынан автоунаалар бөлүнүп, коопсуз аймакка чыгарылууда. Жалал-Абад облусунун аймагында 1020 кооптуу аймакта 1067 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келишүүдө. Жыл сайын жаз-жай мезгилдеринде башкармалыктын түзүмдүк бөлүктөрүнүн өздүк курамы тарабынан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тургундарга эскетүү баракчалары берилет.