Аксыдагы трагедия. Вице-спикер жергиликтүү бийликтин маалыматын талап кылды

Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев парламентке президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн, Аксы районунун акимин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигин чакырып, Аксыдагы окуя тууралуу маалымат угууну сунуштады. Бул тууралуу депутат Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Өзүңөр жакшы билесиңер Жалал-Абад облусунунун Аксы районунда сел жүрүп, кесепетинен 8 адам көз жумган. Ошол боюнча бизге маалымат берсе жакшы болот эле. Жалал-Абад облусунун губернатору, акими, ӨКМден келип, бизге кыскача маалымат берсе болот эле. Ошол боюнча баарыбыз эле унчукпай эле отурабыз. Кыргыздын жараныбы, түрктүн жараныбы ошол үчүн бул жерде ызы-чуу болуп отурабыз. Ушуну күн тартипке киргизели»,— деди ал.

Эске салсак, 12-июлда Аксыда жүргөн сел 8 кишинин өмүрүн алды.