Аксылыктар Камчыбек Ташиевди чек ара маселесине көңүл бурууга чакырды

Аксы районуна караштуу Дейрес айылынын тургундагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди чек ара маселесине көңүл бурууга чакырды. Алардын айтымында, чек арадагы маселелер акыркы учурларда чектеш Өзбекстандын пайдасына чечилүүдө.

Ал эми жергиликтүү тургундардын бири: “300 гектарга жакын кыргыз жери өзбек тарапка өтүп кетти. Талаш болгон аймактардын, жер тилкелеринин көпчүлүгү коңшу мамлекетке өтүп жатканы өкүндүрөт. Камчыбек Ташиев буга чейин биздин мамлекеттин бир метр жери да башкаларга берилбейт деп билдирген. Ал айтканын аткарат деген үмүттөбүз. Биз Камчыбек Ташиевге социалдык тармактар аркылуу кайрылууну чечтик. Себеби 5 күндөн бери  кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган патриоттор  чек арада турушат”, — деген видео интернетке тараган.