Дүйшөмбү, 16.03.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Актёр Кубандык Камалов үй-бүлөсү менен көчөдө калганын айтты. Милиция эмне дейт?

17:29 09.03.2023
0
Актёр Кубандык Камалов үй-бүлөсү менен көчөдө калганын айтты. Милиция эмне дейт?

«Шамбала», «Чек Арада», «Таң алдында» сериалы, «Көк бөрү», «Кыялкечтер», «Жалбыз» тасмаларында тартылган актёр Кубандык Камалов 2005-жылдан бери жашап келген үйүнөн ажырап калды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирди.

Анын айтымында, 7-мартта аны 2 баласы жана ата-энесин соттун чечими менен деп көчөгө чыгарып салышкан. «Өз үйүбүзгө өзүбүз кире албай калдык. 2 балам, ата-энем менен азыр кошуналар тигип берген боз үйдө жашоого аргасыз болуп жатам», — деди ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2020-жылдын 20-январында жарандарды Рухий Мурас конушундагы үйүнөн мажбурлап чыгаруу жөнүндө аткаруу баракчасы берилген. 2023-жылдын 1-мартында соттук аткаруучулар кызматынын бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына соттун чечимин аткаруу тууралуу кат жөнөтүлгөн. Буга байланыштуу соттун чечимин аткарууда коомдук тартипти сактоо максатында участкалык милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. 

Бул факты Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жаран Д.Ч. менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан кийин ал келем деген убада менен бошотулган», — деп айтылат маалыматта.

Ал буга чейин да биздин редакцияга кайрылып, төмөнкүлөрдү айтып берген.

«2012-жылдары апам дүкөн иштетип жүрүп, Назира деген аял менен таанышып, андан пайызга акча алып иштеген. Эгер ал төлөнбөй калса, эртеси пайыз эки эсе кошулуп отура бермек. Апам пайызын төлөй албай калганда алган сумманы берип, «сенден карызым» жок деп айтып, Москвага кетип калган. Бирок эч кандай тил кат жазылган эмес.

Апам Орусияга кеткенде ал аял Октябрь РИИБиге менин апамдын атынан «257 миң сом алдым, 10 айдын ичинде 10 пайызы менен төлөп берем» деген таризде жазылган тил катты калтырып, акчаны бербей жүрөт деп апамдын үстүнөн арыз жазган. Апам Орусиядан келбей 1-сот апамсыз өтөт. Анда аял соттук процессте апамды 6 тил кат менен акча алды деп өзгөртүү киргизген. Жасалма тил каттарды тиркеп, апама 500 миң сомдон ашык сумманы карыз кылышат. Апам менен ал аялдын ортосунда нотариалдык негизде эч кандай документ жазылган эмес.

«86 миң сом алдым» деген бир тил каты апам Орусияда жүргөн кездеги дата менен жазылган экен. Аны биз «Кыргыз темир жолунан» Орусияга кеткени тууралуу, 4 жылдан кийин «Манас аэропорту» аркылуу учуп келгенин тастыктаган документтерди чогултуп, сотко тапшырганбыз. Ал документ каралган жок да, жасалма тил каттардын негизинде бизди учурда 660 миң сом карыз кылып чыгарып коюшту.

Алар соттун чечими менен апамдын наамына жазылган документтерди сырттан эле жокко чыгарып, ал аялдын наамына жаздырып коюшкан. А бирок үйдүн кызыл китеби, техпаспорт биздин колубузда турат. Коммуналдык төлөмдөр апамдын наамына келип жатат, аны төлөп дүмүрчөктөрүн сактап жүрөбүз.

Айта берсе, окуя көп. Кыскасы, соттор менен жактоочу тил бириктирип, жасалма документтерди жасап, биздин үйдү тартып алганы жатат. Учурда алар биз жашаган 5 бөлмөлүү үйдү 1 миллион 273 миң сомго баалап, 27-июлга чейин чыгып кеткиле деп жатышат», — деген актер.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:18 16.03.2026
0

Тышкы иштер министрлиги мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу максатында жүргүзүп жаткан иштердин алкагында Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн мекенге кайтаруу иш-чараларынын кезектеги этабы...

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:49 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта “Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры”, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды. Узатуу...

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:24 16.03.2026
0

Кечээ, 15-мартта Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды. Транспорт кыймылы түндүк тарабында уюштурулат. Бүгүнкү күндө аталган көпүрөнүн түштүк тарабында...

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Кыргыз жарандарын Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтаруу боюнча иштер улантылууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:38 14.03.2026
1

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында министрлик тарабынан Кувейт, Бахрейн жана Катардын аймагындагы Кыргыз  жарандары Сауд Арабия Падышалыгынын Эр-Рияд шаарынан...

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Депутат Сурабалдиева 8-мартка карата акция боюнча: «Менин ишмердүүлүгүм ар кандай сын-пикирлер менен дайыма коштолот»

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:04 14.03.2026
0

"8-мартта аялдарды коргоо жана үй-бүлөлүк зомбулукка каршы бир сааттык акциядан кийин коомдо ар кандай талкуулар жаралды". Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасына...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

10:18 16.03.2026
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

09:49 16.03.2026
Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

09:24 16.03.2026
142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

142 Кыргыз жараны Сауд Арабиядан учуп келди

10:18 16.03.2026
Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов акыркы сапарга узатылды

09:49 16.03.2026
Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

Борбор калаада Жибек жолу проспектисиндеги көпүрөнүн түндүк тарабы ачылды

09:24 16.03.2026

АРХИВ

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
« Фев    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү