Дүйшөмбү, 11.08.2025
Бишкек booked.net
+19...+35° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Актёр Кубандык Камаловдун үй-бүлөсү менен көчөдө калышы. Соттон эмне үчүн мажбурлап чыгарылганын айтышты

09:13 10.03.2023
1
Актёр Кубандык Камалов үй-бүлөсү менен көчөдө калганын айтты. Милиция эмне дейт?

«Шамбала», «Чек Арада», «Таң алдында» сериалы, «Көк бөрү», «Кыялкечтер», «Жалбыз» тасмаларында тартылган актёр Кубандык Камалов 2005-жылдан бери жашап келген үйүнөн ажырап калды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү билдирген.

Анын айтымында, 7-мартта аны 2 баласы жана ата-энесин соттун чечими менен деп көчөгө чыгарып салышкан. «Өз үйүбүзгө өзүбүз кире албай калдык. 2 балам, ата-энем менен азыр кошуналар тигип берген боз үйдө жашоого аргасыз болуп жатам», — деген ал.

Жогорку Соттон эмне үчүн бир үй-бүлөнүн мажбурлап чыгарылганын айтышты.

«7-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн сот аткаруучулары тарабынан соттун үйдөн чыгаруу жөнүндө чечими мажбурлап аткарылды. Ал учурга карата карызкордон Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнө Жогорку Сотко кассациялык даттануу берилгендигине байланыштуу аткаруу өндүрүшүн токтотуу жөнүндө арыз, ошондой эле кассациялык даттанууну кароо жөнүндө өндүрүшкө кабыл алынгандыгы жөнүндө соттун аныктамасы келип түшкөн эмес. Башкача айтканда, карызкорлор соттун чечимине даттангандыгы жөнүндө арыз менен кайрылышы керек болчу жана өзүнүн арызы кассациялык даттанууну кароо үчүн кабыл алуу жөнүндө соттун аныктамасын тиркеши керек болчу.

Карызкорлор Д.Г.Т., Д.Ч., Ч.к.Н., К.К., Ч.к.Г., Ч.к.Н. Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан үйдөн чыгаруу жөнүндө аткаруу барагы 2020-жылдын 28-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук Сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө Октябрь райондук сотунан келип түшкөн. 2020-жылдын 29-сентябрында жогоруда аталган карызкорлорго аткаруу барагын ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш почта аркылуу жөнөтүлгөн. Бирок берилген 10 күндүк мөөнөттүн ичинде карызкорлор сунуштун талаптарын аткарган эмес. 2020-жылдын 28-сентябрында 30 күн алдын ала карызкорлорго Октябрь РИИБге, ӨКМге, Тез жардам кызматына үйдөн чыгаруу жөнүндө билдирмени 2020-жылдын 28-октябрына белгиленгендиги боюнча билдирилген. Карызкорлор сот аткаруучунун сунушуна жана билдирмесине макул болбостон, сот аткаруучунун кыймыл-аракетине даттануу менен сотко кайрылышкан. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту карызкорлордун арызын канааттандыруусуз калтырган. Тараптар Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун аныктамасына макул болбой, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. Бишкек шаардык соту 2021-жылдын 9-мартында аткаруу өндүрүшүн токтоткон. 2022-жылдын 13-апрелинде өндүрүп алуучунун ишенимдүү өкүлүнөн аткаруу өндүрүшүн жандандыруу тууралуу арыз келип түшкөн. Анткени 2022-жылдын 8-февралындагы аныктамасына ылайык сунуш жана билдирме канааттандыруусуз калтырылган. 2022-жылдын 18-апрелинде 30 күн алдын ала карызкорлорго, Октябрь РИИБге, ӨКМге, Тез жардам кызматына үйдөн чыгаруу жөнүндө билдирмени 2022-жылдын 13-майында саат 10:00гө белгиленгендиги билдирилген. 2022-жылдын 13-майынан баштап тараптар толугу менен камсыз болбой, тактап айтканда, өндүрүп алуучу, анын ишенимдүү өкүлү тиешелүү органдардын кызматкерлери белгисиз себептер менен келбегендигине байланыштуу аткаруу өндүрүшү бир нече ирет жылдырылган. Карызкорлордун арызынын негизинде бир нече ирет токтотулуп, аткаруу өндүрүшү кайра жаңыланып келген.

2023-жылдын 1-мартында аткаруу өндүрүшүн камсыз кылууда тараптар жана аткаруу өндүрүшүн камсыз кылууга көмөктөшүүчү органдар толугу менен катышкан. Бирок алар эшик ачуучу адиске карышылык көрсөтүп, жыйынтыгында эшикти ачууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондуктан, акт түзүлүп аткаруу өндүрүшү 2023-жылдын 7-мартына саат 10:00гө жылдырылган. 7-мартта соттун чечимин аткаруу процессине тараптар жана аткаруу өндүрүшүн камсыз кылууга көмөктөшүүчү органдар толугу менен катышкан. Ошондой эле, карызкор Ч.Д., анын уулу К.К. каршылык көрсөтүшүп, алар менен бирге кошуналары, уулунун достору тарабынан аткаруу өңдүрүшүнүн камсыз кылуучуларга ар кандай коркутуулар болгон, бензин чачып, таш, балтаны колдонуу менен кол салуулар болуп, бир топ каршылык көрсөтүлгөн. Адамдын өмүрү баарынан кымбат тургандыгына байланыштуу үйгө киргенге мүмкүнчүлүк болбой, карызкорлорду тынчтандырууну гана көздөшкөн. Эшик ачуучу адис эшикти ачып жатканында карызкор Ч.Д. тарабынан адистин башына 2 жолу таш менен уруп жыйынтыгында адис жараат алган. Каршылык көрсөтүлгөндүгүнө байланыштуу сот аткаруучу тарабынан акт түзүлүп, жабырлануучу милицияга арыз жазган. Карызкор Ч.Д.ду кызматкерлер кармап милицияга алып кетишкен. Карызкордун уулу К.К. жана анын аялы каршылык көрсөтүшүп, жыйынтыгында алар түшүндүрүү жолу менен үйүнөн чыгарылган. Үйдөгү бардык буюмдарына тизме түзүлүп, карызкорлор аталган буюмдарын кошуналарыныкына алып чыгып кетишкен. Ошондой эле, карызкорлордун керектелүүчү буюмдары жана каражаттары өткөрүлүп берилген. Соңунда өндүрүп алуучуга бошотулган үй өткөрүп берилип, кулпулары жаңысына алмаштырылды», — деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Нарында 15 миллиард сомго 127 ири долбоор ишке ашууда, облус боюнча 200 чакырым жол асфальтталат

Нарында 15 миллиард сомго 127 ири долбоор ишке ашууда, облус боюнча 200 чакырым жол асфальтталат

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:22 11.08.2025
0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Нарын облусуна келип, бир катар курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты....

Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:38 11.08.2025
0

Суусамыр – Талас – Тараз автожолунун 12-17-чакырымдарынын аралыгындагы 5 чакырымдык тилкеге асфальт төшөө иштери толук аяктады. Учурда жол жээктерин бекемдөө...

Кара-Балтадагы «Жунда» заводунан чыккан сары түтүн. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эмне дейт?

Кара-Балтадагы «Жунда» заводунан чыккан сары түтүн. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы эмне дейт?

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:52 11.08.2025
0

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы катталган техникалык кырдаал тууралуу маалымдайт. Кечээ, 10-августта объекттин тышкы жылуулук алмаштыргычында агып кетүү аныкталып, анын...

Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

Автор СЕРЕП МЕДИА
08:25 11.08.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы 7 муниципалдык аймактык башкармалык менен 2 айылдык башкармалыкка Кыргызстандын 7 облус, эки республикалык маанидеги...

АКШдан депортацияланган 25 Кыргыз жараны кайтарылды

АКШдан депортацияланган 25 Кыргыз жараны кайтарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:46 10.08.2025
0

Тышкы иштер министрлиги кечээ, 9-августта Америка Кошмо Штаттарынан Бишкек шаарына Кыргыз Республикасынын 25 жараны атайын каттам менен кайтарылганын маалымдайт. Аталган...

Комментарийлер 1

  1. Zhumagul says:
    2 года ago

    Журналисттер текстте коп каталар бар,ондоп койгула

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

10:35 11.08.2025
Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

Мэр Токторбаев Ош шаарында 7 облустун аталышы пайда болорун айтууда

08:25 11.08.2025
Нарында мыйзамсыз тоо кийик аткандар кармалды

Нарында мыйзамсыз тоо кийик аткандар кармалды

08:46 11.08.2025
Нарында 15 миллиард сомго 127 ири долбоор ишке ашууда, облус боюнча 200 чакырым жол асфальтталат

Нарында 15 миллиард сомго 127 ири долбоор ишке ашууда, облус боюнча 200 чакырым жол асфальтталат

12:22 11.08.2025
Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

Өтмөк ашуусундагы асфальт иштери толук аяктады

11:38 11.08.2025
Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу учурунда тоскоолдук жараткан уюштуруучу кармалды

10:35 11.08.2025

АРХИВ

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү