Акушер-гинеколог: «Москвада кош бойлуу болуп калган өспүрүм кыздар көбөйдү»

Москвадагы менчик клиникалардын биринде эмгектенген акушер-гинеколог Маизбүбү Бердибекова мекендештердин саламаттыгы тууралуу айтып берди.

«Москвада айымдардын ден соолугу көйгөйдү өтө көп жаратат. Бирок мурдагыга караганда, жылыш бар. Азыр кош бойлуу аялдарга шарт жакшы түзүлдү. Кыргыз дарыгерлери иштей башташты. Акыркы учурда жаш кыздардын кош бойлуу болуп калышы көбөйдү. Мурда бул тема жабык эле болчу. 5-6 жылдан бери  жашы жете элек кыздардын боюнда бүтүп калып, көбү аргасыздан ымыркайын таштап кетип жатышат. Алар көбөйдү», — деди ал.