Abank
SerepTV Logo

Акыйкатчы Абдрахматова: "Камактагы активисттерди ден соолугу начарлаганга чейин камоо - кыйноого барабар"

Акыйкатчы Абдрахматова: "Камактагы активисттерди ден соолугу начарлаганга чейин камоо - кыйноого барабар"

Камактагы активисттерди ден соолугу абдан начарлаганга чейин камоо, жалпы жарандык медициналык мекемеге же жеке бейтапканага жаткырылгандарына каршылык көрсөтүү - бул адамгерчиликсиз мамиле, кыйноого барабар. Бул тууралуу Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жазды.

"Барыбызга маалым, бай же белгилүү саясатчы, тааныш-тууганы көп болгондор, коррупцияга, элдин жерин, байлыгын, мүлкүн уурдаганга шектүүлөр - үйүндө же ыңгайлуу жеке бейтапканада, курч сөз же сын-пикир айткандар - абакта. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын юристтери кечээ барып, Илгиз (ред. жарандык активист Илгиз Шаменов) менен жолугуп, тергөө изоляторунун кызматкерлеринин, дарыгерлеринин пикирин угуп, тиешелүү кагаздарын изилдеди. Камактагы адам талап кылган медициналык кароого укугун чектөө - негизсиз", - деди ал.