Акыйкатчы институту жаңжал учурунда 10 кыргызстандыкты туткунга алган адамдарды жазалоону талап кылды

Акыйкатчы институту адам укуктарын бузууга жол койгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылат. Бул тууралуу аталган институттан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун принциптерине ылайык, эч ким кыйноолорго жана башка адамкерчиликсиз, таш боор мамилеге же жазага кириптер болбоого тийиш.

«Учурда социалдык тармактарда Кыргыз жарандарынын бир нечеси Тажикстанда барымтада болушканы жана кыйноолорго жана кадыр-баркты басмырлаган таш боор мамилеге дуушар болушканы тууралуу маалыматтар жарыяланууда. Акыйкатчы аппараты кыйноолорду жана таш боор же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге дуушар болгондорду Стамбул протоколуна ылайык документтештирүү жүргүзбөгөн медициналык кызматкерлердин аракетсиздигин белгилейт. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын Акыйкатчысы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 7-майда кат жолдоп, анда кыйноого дуушар болгон жарандарыбызды жана аскер кызматкерлеринин денелериндеги тактарды (кыйноо жана башка катаал мамиле жана жаза) талаптагыдай документтештирүүнү камсыздоо боюнча токтоосуз чараларды көрүүнү сунуштады. Акыйкатчы институту мындан сырткары, адам укуктарын бузууга жол койгон кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну талап кылат», — деп айтылат маалыматта.