Акыйкатчы институту: «Жумгалдагы төрөт үйүндө дарыгерлер жетишсиз, аз маянага жаштардын иштегиси келбейт»

Акыйкатчынын “Укук кербени” долбоорунун катышуучулары Жумгал районунда бир катар мониторингдерди жүргүзүштү.

Алар райондук төрөт үйүнө да барышкан. Төрөт бөлүмүнүн имараты “кызыл зонага” берилгендиктен, төрөт үйүнө ылайыкташпаган башка кабатка көчүрүлгөн.

«Палаталар тар болгондуктан, жаңы төрөлгөн ымыркайларга өзүнчө люлька коюп берилген эмес. Жылуулук жок. Төрөгөн аялдарга эки палата гана каралган. Акимдин орун басарынын айтуусунда, район боюнча жалпы 15тей дарыгер адис жетишпейт. Себеби алыскы районго, аз маянага жаш адистер барып иштегиси келбейт», — деп айтылат маалыматта.