Акыйкатчы: "Мугалимдер, ата-энелер балдарыбызга чоң кишилер менен сүйлөшүүдөгү коопсуздук маселесин түшүндүү зарыл"
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова билим берүү системасында тез арада балдарга коопсуздук маселеси боюнча так алгоритм киргизүү зарыл экенин билдирди.
"Окуучуларга автобус киргизүү бул бир гана жакырчылыкка жакын жашагандарга көмөк эмес, бул коопсуздук, тартип маселеси. Билим берүү системасында тез арада балдарга коопсуздук маселеси боюнча так алгоритм киргизүү зарыл. Балдардан телефонду талашпай, чектөө кылбай тескери, интернеттин мүмкүнчүлүктөрүн билимде, коопсуздукка колдонууну туура түшүндүрүп көндүрүү керек. Мугалимдер, аталар, апалар уялбастан балдарыбызга чоң (бейтааныш, тууган дебей) кишилер менен сүйлөшкөндө коопсуздук маселесин, эч ким тийбес талапты түшүндүрүү зарыл.
Мамлекеттик дэңгээлде, өзгөчө улуттук теледен башка мамлекеттердин сериалдарын которгонго акча кетирбестен, балдарыбызга (ата-энеге) коопсуздук, эч кимге тийбес талабын түшүндүргөн мультфильм, аниме, же тасмаларды даярдап көрсөтүү керек. Милиция, прокуратура, соттордун жоопкерчилигин күчөтүү маанилүү. Жабыркагандардан (зордуктоо, ур сабоолордо гана эмес, ага аракет болгондо да) арызын албаган, кылмышты жаап жашырган, кыскарткан же кылмыш курамын өзгөрткөн, жабыркаганды каралаган милиция кызматкерлерин өзүн соттош керек, өмүр бою бардык мамлекеттик кызматка кирбес кылып, кызматтык чиндерин, батирин, пенсиясын, жана башка артыкчылыктарын жокко чыгаруу керек.
Урматтуу мырзалар, жигиттер, инилер, аталар, агалар, “ээ, эркексиңби, кой ордуна катынды” дегенди токтоткула! Урматтууларым, жакындарыңар баланы, аялын урган, зордуктаган, өлтүргөн болсо, эптеп амалын таап жазадан кутулуу аракетин көрбөгүлөчү, жабыркаган же өлгөн өзү күнөөлүү деп актабагылачы. Акча, тааныш, кызмат бүгүн бар, эртең жок, ошол баланын, аялдын тагдырына балта чапканыңар сөзсүз кайтат жеке өзүңөргө.
Бийлик жаман, жашоо татаал, тиги же бул күнөөлү же “кетсин!” деген оңой, ар бирибиз чынында жоопкерчиликти моюнга алганды, кош стандарт, кайдыгер болбосок, арам ишти адалдаштырбасак болобу? Өзгөрүүнү, оңолууну ар бирибиз өзүбүздөн баштайлычы. Балдарыбыз, өспүрүмдөр, жаштарыбыз өз ата-энесине, туугандарына, мугалимдерге ачылып кордукту-зордукту айта албайт, кайра өзүн күнөөлү кылат, түшүнбөйт мени, колдобойт деп муундан муунга өткөн туруктуу көрүнүш болгону турат. Токтотолу! Биз түшүнбөсөк, колдобосок, коргобосок ким? Кызга, балдарыбызга кырк үйдөн тыюу эмес, кырк үйдөн колдоо, көмөк көрсөтүү болсун!" - деп жазды ал.