Мэрия Бишкекте түтүктөрдөгү авариялык жарылууларды жоюу тууралуу маалымдайт
"Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы буга чейин жарыяланган эскертүүлөргө ылайык, 1-майдан 3-майга чейин шаарда жылуулук тармактарын пландалган регламенттик сыноолордун экинчи этабы өткөрүлгөндүгүн билдирет.
Сыноолордун жүрүшүндө айрым тилкелерде түтүктөрдүн жарылуусу катталды, бул жылуулук тармактарынын эскирген жана кооптуу тилкелерин текшерүүнүн күтүлгөн натыйжасы болуп саналат. Бардык аныкталган бузулуулар өз убагында четтетилди. Жеринде ишкананын авариялык бригадалары иштеп жатышат жана иштерин улантышууда, күнү-түнү нөөмөт уюштурулган. Анын ичинде социалдык тармактарда белгиленген түтүктөрдүн жарылуу учурлары учурда жоюлду.
Аныкталган кемчиликтерди этап-этабы менен жоюу иштери жүрүп жатат. Бузулган тилкелер курчоого алынып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чаралар көрүлүүдө. Ишкана кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп, келип түшкөн билдирүүлөргө ыкчам жооп кайтарууда. Шаар тургундарына кайдыгер карабагандыгы жана маалыматты өз убагында билдиргендиги үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Бузулууларды жоюу иштери майрам күндөрү да улантылып, мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө жүргүзүлүүдө. Сыноолорду өткөрүү жылуулук тармактарын алдыдагы жылытуу мезгилине сапаттуу даярдоого жана туруктуу ысык суу менен камсыздоого багытталган. Кырдаал толук көзөмөлдө.