Акыйкатчы: «Шекафтар кыштагындагы кургак учукка каршы ооруканада бир эле душ бар, бирок ысык суусу жок»

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери Жалал-Абад облусундагы Шекафтар кыштагындагы облустар аралык кургак учукка каршы ооруканадагы бейтаптардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.

Анда аныкталгандай, палаталарда бейтаптар үчүн жуунуучу жайлар каралган эмес. Бүтүндөй бир корпуска бир эле душ бар, бирок анын да ысык суусу жок. Даараткана жер төлөөдө жайгашкан жана санитардык ченемдерге жооп бербейт. Мындан сырткары, процедура бөлүмүндө жарактуулук мөөнөтү өткөн дары-дармектер колдонулары маалым болгон. Аныкталган бардык кемчиликтер боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн. Алар тиешелүү органдарга табылган кемчиликтерди жоюу үчүн жөнөтүлөт.