Акыйкатчы укук коргоочу Камил Рузиевге кылмыш ишин козгоо уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди

Акыйкатчы укук коргоочу Камил Рузиевге жана медайымга карата кылмыш ишин козгоо уланып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

«Каракол шаардык сотунда Кылмыш кодексинин (мындан ары КР ЖПК) 2017-жылдагы редакциясынын 359-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн айыпталып жаткан укук коргоочу Рузиев Камилжан Якуповичке байланыштуу кылмыш иши каралууда. Акыйкатчы аппараты ал кармалып жана эркиндиги чектелген жайга киргизилгенден баштап жана иштин материалдары сотко өткөнгө чейин Рузиев Камилжандын укуктарынын сакталышына парламенттик көзөмөл жүргүздү. Азыркы тапта биз тараптан соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүлүүдө. Тергөөнүн версиясына ылайык, Рузиевдин мыйзамга каршы аракети мындай болгон: «2020-жылдын 24-январында ал Каракол шаардык сотунун 2020-жылдын 24-январындагы токтомдоруна даттануу үчүн процесстик мөөнөттөрдү өткөрүп жибергенин негиздөө үчүн Ысык-Көл облустук «Балалык» медициналык медициналык борборунан жасалма маалымдама алууну чечип, 2-мартта медайым таанышына кайрылат. Медайым Рузиевдин өзүнүн пайдасы үчүн сот органдарын адаштырууга багытталган туура эмес чечимине макул болуп, 2020- жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дарыланууда болгон деген жасалма маалымдаманы 2- мартта жазып берет. Текшере келгенде, Рузиевдин амбулатордук картасында амбулаторлук дарылануудан өткөнү боюнча эч кандай жазуу жок болуп чыккан. Башынан баштап бардык тергөө иш-аракеттери кеңири коомдук резонансты жаратып жана улуттук, ошондой эле эл аралык укук коргоо уюмдары тарабынан терс бааланып, «укук коргоочуну куугунтуктоо» катары бааланууда«,- деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы Камил Рузиевге байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартуу иши боюнча тынчсыздануусун билдирет жана укук коргоочунун аракеттерине негизсиз баа берилген деп эсептейт.