Акылбек Жапаров дарыланууга Германияга учуп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дарыланууга Германияга учуп кетти. Бул тууралуу маалыматты Министрлер кабинетинен басылмаларга ырасташты.

28-апрелде Акылбек Жапаров Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөн. «Анын оорусу стресстен, чарчоодон болот. Ооруканага түшкөндө инфаркт деп ойлогонбуз. Анализдери чыгып, кароо жүргүзүлгөн соң, ал оору четке кагылды» деген болчу саламаттыкты сактоо министри. Эртеси, 29-апрелде ооруканадан чыккан.