Акылбек Жапаров Ошто 98 жаштагы согуштун ардагерине барып, 100 миң сом тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери 98 жаштагы Салахидин Токтобаевге барып, Улуу Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Ал президент Садыр Жапаровдун атынан жеке куттуктоосун айтып, 100 миң сом өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү тапшырган.

Министрлер кабинетинин төрагасы ардагерге жана анын үй-бүлөсүнө бекем ден соолук, жакшылык жана бакубатчылык каалап, Улуу Ата Мекендик согушта өз өмүрүн кыйып, Жеңишке жетишкен жоокерлердин ынтымагын, биримдигин, бекемдигин жана берилгендигин белгиледи.