Акылбек Жапаров: «Ур-токмокко алынып, ден соолугунан айрылып, эс-учун жоготуп баратса да эч кимди саткан эмес»

Бүгүн, 14-февралда Опера жана балет театрында ИИМдин мурдагы башчысы Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп жатып, бир айдан кийин 64 жашка чыкмак экенин айтты. «Бүгүн милициянын генерал-лейтенанты Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатып жатабыз. Бир айдан кийин 64 жашка чыкмак экен. Арга жок, айла жок. Жакындарына көңүл айтам, кайрат кылыңыздар. Бүгүн Молдомуса Конгантиев жөнүндө сөздөр айтылышы керек. Бүгүн айтылбаса, качан айтылат?! Конгантиев генералдыкка өз мээнети менен жеткен. Конгантиев басып өткөн жол татаал жана ардактуу. Ал кандидаттык ишин Орусияда жактады. Ал илимге кокустан келип калган эмес. Анын кандидаттыкты жактар алдында 20га жакын макаласы чыккан. Конгантиев тууралуу суук кабар революциялардын запкысын тарткан кызмат адамдын оор тагдыры катары баарынын жүрөгүн зырп этти. Биздин эл бирин-бири тарбиялайт. Өлгөн адамдын артынан жаман сөз айтпайт дешет. Өз кызматын өтөп жатып, 4 саат ур-токмокко алынып, ден соолугунан айрылып, эс-учун жоготуп баратса дагы эч кимди саткан эмес», — деди ал.