Бүгүн, 31-январда Бишкекте башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын өткөрдү. Анын жүрүшүндө иши кыскартылган төкмө акын Болот Назаровго 10 жыл сураган прокурор боюнча суроолор болду.
“Ал сотто катышкан прокурордун өз эрки, ага басым көрсөтүү болбойт. Эгерде ал күнөөсү бар деп санаса, соттон мыйзам боюнча сурайт. Катышкан прокурор ошол максатта 10 жыл сурап жатат. Ишти эң жакшы ошол прокурор билет”, — деди ал.
- 7-ноябрь күнү милицияга Беловодское айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Арызында Чоң-Арык айылынын талаасында белгисиз эркек киши 2008-жылы туулган уулунун минип жүргөн айгырын, сүрөткө түшүп алайын деп сурап алып, анан мингенден кийин баласына күч колдонуп айгырын минген боюнча, окуя болгон жерден изин жашырып кеткенин айтып чара көрүүнү суранган. Акын бул айыптоону четке кагып, аны ушундай жол менен шылдың кылып жатышканын айткан. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу аны 10 жылга эркинен ажыратууну сураган.