Акын Гүлжамила Шакирова 67 жашында каза болду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, УТРКнын Кыргыз радиосунун баяндамачысы, акын Гүлжамила Шакирова 67 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Ал Ак-Талаа районундагы Жаңы-Тилек айылында 1955-жылы 28-декабрда туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Токтогул атындагы адабият музейинде улук илимий кызматкер, республикалык Кыргыз тили коомунун «Эне тил» гезитинде кабарчы, 1993-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын Кыргыз радиосунда адабий редакцияда «Нуска», “Бейпил түн”, “Кыраакы кыргыз дүйнөсү”, “Илгеркиден икая”, “Мен кыргызмын”, “Бейне” аттуу программаларды даярдап эфирге чыгарган.
Гүлжамила Шакированын 30дан ашык ырларына обон чыгарылып, кыргыз радиосунун алтын казынасына алынган.