Акын Ормуков депутат Бекешевди мандатынан ажыратуу талабын койду

Акын Темирлан Ормуков Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин мандатын чакыртып алуу боюнча коомдук комиссия түзүү демилгесин көтөрүүдө. Ал эл өкүлү менен 2016-жылдан бери пикир келишпестик болуп келгенин айтты. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Дастан Бекешевди жоопкерчиликке тартуу боюнча фактылар бар, бирок бул үчүн аны депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу керек. Бирок мандатты алып салуу демилгесин көтөрүүгө кандай негиздер бар экенин акын айткан жок, кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Темирлан Ормуков 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандатын кайтарып берген БШКны сотко берген. Бул соттук териштирүүлөр саясатчынын мандатсыз калышы менен аяктаган.