Бүгүн, 3-мартта Өмүрбек Текебаевдин мандатына байланышкан соттук отурум болуп өттү. Анда Жогорку Сот Административдик сот менен Бишкек шаардык соттун «Ата мекен» партиясынын лидерин депутаттык мандатынан ажыратуу боюнча чыгарган өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Текебаев Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдагы чечиминин негизинде депутаттык мандатынан ажыратылганы маалым. 2020-жылы октябрда Текебаев Жогорку Соттун 2019-жылдын 21-августундагы анын кылмыш ишиндеги алгачкы эки инстанциянын өкүмдөрү жокко чыгарылган чечими менен БШКнын ага байланыштуу мурунку чечимдерин жокко чыгарып, анын мандатын кайтарып берүүнү суранган. Натыйжада Садык Шер-Нияз бошотуп берген мандат кайтарылган эле.
Андан кийин Темирлан Ормуков БШКны сотко берген. Доогердин айтымында, шайлоо комиссиясы анын айыпталуучу деген статусуна байланыштуу Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу.