«Акындар — бул улуттун намысы». Төкмө акын Болот Назаровдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат

«Акын деген улуттун бул абалтан келген намысы, Кылымда мындай болбогон акынды караңгы торго салышы». Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев Бишкек ШИИББинин жанында өтүп жаткан Болот Назаровду колдоо митингинде билдирди.

Акцияга чыккан акындар Болот Назаров бошотулмайынча шаардык милициянын имаратынын жанында төкмөй болуп жатышат.

Буга чейин Болот Назаровдун жубайы интернетте тараган видеону көргөнүн жана ал анын жолдошу эмес экенин айткан.