Чүйдө Таластын 1993-жылы туулган тургуну Анарбеков Нурсултан Айдарбекович изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал өткөн жылдын 7-июнунда «Манас» аэропортуна конгон. Ошол бойдон дайынсыз болууда. Акыркы жолу жакындары менен 2019-жылы байланышкан. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 03134 5-33-80, 0558 86-14-86 номурларына чалсаңыздар болот.