Акыркы коңгуроого байланыштуу 3 миңден ашуун милиция кызматкерлери тартип сакташат

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 24-майда 2020-2021- окуу жылынын аякташына байланыштуу коомдук коопсуздукту сактоо боюнча иштерди күчөтүү үчүн онлайн кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек, жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.

Онлайн чогулушта Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 11-майындагы буйругуна ылайык, быйылкы жылы республиканын аймагында орун алган 2 миң 296 мектепте 2020-2021-окуу жылынын “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чаралары коронавирус илдетине байланыштуу онлайн-форматта өткөрүү чечими кабыл алынгандыгы белгиленди. Салтанаттуу иш-чараларын өткөрүү учурунда, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында атайын иш-мерчем түзүлүп, күч каражаттардын эсеби такталды. Иш-чараларды өткөрүү учурунда, республика боюнча коомдук тартипти камсыздоого 3391 кызматкери милиция тартылат. Ошону менен бирге ички иштер органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилери бул иш-чараларга жооптуу болуп бекитилди.

Бул багытта милиция кызматкерлери эл арасында, айрыкча ата-энелерге “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чараларына байланыштуу (жаратылышта, шаардын четине, ресторан-кафелерге) отуруштарды уюштурбоо, жашы жете электерге автотранспорттук каражаттарды бербөө керектиги эскертилип, ар кандай “таңды тосуу” сыяктуу кечелерди уюштурууну алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.