Акыркы коңгуроого байланыштуу Бишкек шаарында тосмолор коюлду

Бүгүн, 9-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан акыркы коңгуроо иш-чарасына байланыштуу Бишкекте Кайгуул кызматкерлери тарабынан рейд жүргүзүлөт.

«Учурда Бишкек шаарындагы 104 жалпы билим берүүчү орто мектептин ар бирине милициянын кайгуул кызматкерлери тартылып, коомдук коопсуздук, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча иш алып барууда. Акыркы коңгуроодон кийин окуучулар автоунаа, кортеждер менен тоо, суу жактарга чыгып кетүүсүнө бөгөт коюу максатында Бишкек шаарынын аймактарына тосмолор коюлган. Кечинде терс көрүнүштөрго жол бербөө максатында рейд өткөрүлөт», — деп билдирди Патрулдук кызматтын басма сөз кызматчысы Байказы Айтикул уулу.