Акыркы сутка ичинде коронавирустан 9 бейтап көз жумду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 558 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек шаарында – 231, Ош шаарында – 77, Чүй облусу – 57, Ош облусу – 78, Талас облусу – 9, Нарын облусу – 13, Ысык-Көл облусу – 15, Жалал-Абад облусу – 55, Баткен облусу – 23 кишиден илдет аныкталып. Жалпы өткөн жылдын март айынан тарта вирус жуктургандардын саны 110 миң 370 адамга жетти

Соңку суткада 9 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүй облусунда жана Ысык-Көл облусунда экиден өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 890 адамды түздү.