Акыркы суткада 104 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 104 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 61, Ошто — 1, Чүйдө — 16, Таласта — 3, Ысык-Көлдө — 9, Нарында — 3, Жалал-Абадда — 7, Баткенде — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 176 миң 883 адамга жетти.

Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 563 адамды түздү.