22-январга карата коронавирус жуктурган 118 жаңы учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти. Анын ичинде Бишкек шаарында 47 учур катталса, Чүй облусунда – 23, Ысык-Көлдө – 14, Ош облусунда – 10, Нарында – 10, Жалал-Абадда – 8, Таласта – 4 жана Ош шаарында – 2 учур.
Бир күндүн ичинде 2 киши каза болуп, 3 миңден ашык ПЧР тесттер алынды. 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда 83 703 кишиден вирус аныкталды.
Садыр Жапаров ШКУга мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-апрелде Коргоо министрлеринин кеңешмесине катышуу үчүн келген Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин коргоо ведомстволорунун жетекчилерин кабыл алды....









