Акыркы суткада 126 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 126 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 46, Чүйдө — 25, Таласта — 10, Ысык-Көлдө — 38, Нарында — 2, Жалал-Абадда — 4, Баткенде — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 176 миң 473 адамга жетти.

Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 550 адамды түздү.