Акыркы суткада 1290 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Архив

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1290 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 726, Ош – 53, Чүй облусу – 176, Ош облусу – 72, Талас облусу – 19, Нарын облусу – 18,  Ысык-Көл облусу – 56, Жалал-Абад облусу – 55, Баткен облусу – 115 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 144 миң 958 адамга жетти.

Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда, Жалал-Абад облусунда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 143 адамды түздү.