Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 152 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 112, Ошто — 10, Чүйдө — 12, Ош облусунда — 11, Ысык-Көлдө — 3, Жалал-Абадда — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 185 миң 31 адамга жетти.
Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 809 адамды түздү.