Акыркы суткада 283 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде 283 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бишкекте — 158, Ошто — 14, Чүйдө — 75, Нарында — 10, Ысык-Көлдө — 18, Жалал-Абадда — 5, Таласта — 3 киши илдетти жуктуруп алды деп катталды. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 99 миң 316га жетти.

Оорудан 8 киши каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө үч өлүм катталды. 2020-жылдын март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 675ке жетти.