Акыркы сутка ичинде 298 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкекте — 170, Ошто — 10, Чүйдө — 69, Ош облусунда — 7, Нарында — 12, Ысык-Көлдө — 21, Жалал-Абадда — 4, Таласта — 5 киши илдетти жуктуруп алды деп катталды. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 101 миң 878ге жетти.
Оорудан 6 киши каза болду. Бишкекте үч, Чүйдө үч өлүм катталды. 2020-жылдын март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 735ке жетти.