Акыркы суткада 370 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 370 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 243, Ошто — 2, Чүйдө — 71, Ош облусунда — 4, Таласта — 1, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 11, Жалал-Абадда — 18, Баткенде — 15 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 196 миң 602 адамга жетти.

Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 858 адамды түздү.