Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 41 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 24, Ошто — 1, Чүйдө — 4, Ош облусунда — 4, Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 633 адамга жетти.
Соңку суткада 1 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 800 адамды түздү.