Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 44 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 15, Чүйдө — 18, Ошто — 3, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 439 адамга жетти.
Соңку суткада 2 адам көз жумду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 792 адамды түздү.