Акыркы суткада 586 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 586 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 435, Ошто — 22, Чүйдө — 49, Ош облусунда — 9, Таласта — 11, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 17, Жалал-Абадда — 37, Баткенде — 5 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 188 миң 206 адамга жетти.

Соңку суткада 1 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 827 адамды түздү.