Акыркы суткада 59 адамдан коронавирус аныкталды. Каза болгондор катталган жок. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 59 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 33, Чүйдө — 9, Жалал-Абадда — 8, Баткенде — 6, Нарында — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 748 адамга жетти.

Соңку суткада адам өлүмү катталган жок. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 802 адамды түздү.