Акыркы суткада 607 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 607 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 404, Ошто — 14, Чүйдө — 97, Ош облусунда — 10, Таласта — 20, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 13, Жалал-Абадда — 24, Баткенде — 20 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 188 миң 813 адамга жетти.

Соңку суткада 1 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 828 адамды түздү.