Акыркы суткада 68 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 31, Чүйдө — 15, Ысык-Көлдө — 8, Нарында — 4, Жалал-Абадда — 4, Баткенде — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 177 миң 226 адамга жетти.

Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 574 адамды түздү.