Акыркы суткада 791 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 791 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 488, Ошто — 7, Чүйдө — 185, Ош облусунда — 8, Таласта — 9, Нарында — 7, Ысык-Көлдө — 17, Жалал-Абадда — 39, Баткенде — 31 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 194 миң 607 адамга жетти.

Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 846 адамды түздү.