Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 83 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 63, Ошто — 1, Чүйдө — 6, Таласта — 1, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 9, Жалал-Абадда — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 199 миң 519 адамга жетти.
Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 905 адамды түздү.







